Боордун УДИси

30 мүн · 1000 сом

Даярдык
УДИге даярдык: 1. Изилдөөгө чейин 3 күн мурда кара жана ак нан, сүт, буурчак, төө бурчак, капуста, жашылча жана мөмө жемиштерден, таттулардан, майлуу тамак-аштардан баш тартуу керек (себеби бул азыктар сиңирүүнү жайлатып, газдарды пайда кылат). Бир нече күн мурун жеңил тамак-аштарды мисалы ачытылган сүт азыктарын, каша, шорпо сыяктуу тамак-аштарды ичип, ошондой эле, изилдөөнүн алдында кечинде тамак ичпеш керек. 2. Изилдөөгө чейин 2-3 күн мурда энтеросорбенттер (мисалы активдүү көмүр 3 таблеткадан 3 мал ичиш керек же Эспумизан 2 капсуладан 3 маал, же "Энтеросгель" 1 - 1,5 аш кашыктан күнүнө 3 жолу) сунуш кылынат. 3. Изилдөөгө чейин 2 - 3 күн «Мезим форте» 3500 ЕД (2 таблеткадан 3 маал) ичүү сунуш кылынат - алар ичегилерди тазалап дарыгерге сапаттуу изилдөө жүргүзгөнгө жардам берет. 4. Изилдөөнүн алдында кечинде тазалоо клизмасын кылуу. 5. Изилдөөнүн алдында аш-казанды жана ичегилерди инструменттик изилдөө сунуш кылынбайт. 6. Изилдөөнүн алдында кечинде саат 19.00. чейин тамактануу. Изилдөө күнү эртең менен тамак, суюктук ичпеш керек, тамеки чегүүгө болбойт.
Жазылуу

Сүрөттөр

Мукаба