Ич кондойундогу органдардын комплексынын УДИси (боор, өт, уйку без, көк боор, бөйрөктөр) балдарга 14 жашка чейин

30 мүн · 2800 сом

Ички органдардын УДИси — боорду, өттү, уйку безди, көк боорду жана бөйрөктөрдү диагностикалоочу коопсуз ыкма. Ал 8-12 саат ачка жүргөндөн кийин жасалат. Процедура таштарды, шишиктерди, сезгенүүлөрдү жана органдардын түзүлүшүндөгү бузулууларды аныктоого жардам берет. Изилдөө оорутпайт, 20-30 мүнөткө созулат. 14 жашка чейинки балдар үчүн гана, быйыл 14 жашка толгон бейтаптарга (1 январдан 31 декабрга чейин) туулган күнүнө каралбастан, ич кондойундогу органдардын комплексынын УДИне (боор, өт, уйку без, көк боор, бөйрөктөр) 3200 сом төлөнөт
Даярдык
УДИге даярдык: 1. Изилдөөгө чейин 3 күн мурда кара жана ак нан, сүт, буурчак, төө бурчак, капуста, жашылча жана мөмө жемиштерден, таттулардан, майлуу тамак-аштардан баш тартуу керек (себеби бул азыктар сиңирүүнү жайлатып, газдарды пайда кылат). Бир нече күн мурун жеңил тамак-аштарды мисалы ачытылган сүт азыктарын, каша, шорпо сыяктуу тамак-аштарды ичип, ошондой эле, изилдөөнүн алдында кечинде тамак ичпеш керек. 2. Изилдөөгө чейин 2-3 күн мурда энтеросорбенттер (мисалы активдүү көмүр 3 таблеткадан 3 мал ичиш керек же Эспумизан капсулалары 2 таблеткадан 3 маал, же "Энтеросгель" 1 - 1,5 аш кашыктан күнүнө 3 жолу) сунуш кылынат. 3. Изилдөөгө чейин 2 - 3 күн «Мезим форте» 3500 ЕД (2 таблеткадан 3 маал) ичүү сунуш кылынат - алар ичегилерди тазалап дарыгерге сапаттуу изилдөө жүргүзгөнгө жардам берет. 4. Изилдөөнүн алдында кечинде тазалоо клизмасын кылуу. 5. Изилдөөнүн алдында аш-казанды жана ичегилерди инструменттик изилдөө сунуш кылынбайт. 6. Изилдөөнүн алдында кечинде саат 19.00. чейин тамактануу. Изилдөө күнү эртең менен тамак жана суюктук ичпеш керек.
Жазылуу

Сүрөттөр